Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Эки айда өрт кырсыгында 13 адам каза тапты


Кыргызстандын аймагында быйылкы жылдын январ-феврал айларында 336 өрт кырсыгы катталып, андан 13 адам каза тапты. Мындай маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдон алынды. Жалпысынан бул кырсыктар адамдарды 21 млн.789 миң 834 сомдук материалдык зыянга учуратты. Мерт кеткендердин бешөө жаш өспүрүмдөр. Ошондой эле өрт кырсыктарынан 28 адамдын өмүрү куткарылып калган.

Былтыркы жылдын ушул эле мезгил аралыгында Кыргызстандын аймагында 574 өрт кырсыгы катталып, андан 29 адам каза тапкан. 32 млн. 995 сомдук материалдык чыгым болгон. Каза тапкандардын жетөө өспүрүмдөр болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG