Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Боронов: Бишкек – Ош жолу кайрадан жабыла баштайт


Бишкек – Ош унаа жолу 27-марттан тарта кайрадан убактысы менен жабыла баштайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, "кооптуу жерлер дагы эле көп".

Бишкек – Ош унаа жолу бүгүн эртең мененки саат сегизде толугу бойдон ачылган болчу. Бирок кар көчкү түшүү коркунучу дагы эле сакталууда экени, тоо этектериндеги карды артиллериялык курал менен атып көчүрүү иштери улана берээри айтылууда.

Тоолуу аймактарда кар көчкүдөн үч күндүн ичинде, 17-20-мартта тогуз адамдын өмүрү кыйылып, 20-мартта Бишкек – Ош унаа жолу толук жабылган болчу. Бирок 24-мартта саат 12:00дө Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында турган 164 оор жүк ташуучу унаа жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү милиционерлерге баш ийбей “Сосновка” постунан Ош тарапты көздөй өтүп кетишкен. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG