Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Адамдар ууланган кафе убактылуу жабылды


Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан "Таш-Кордо" кафесинде санитардык талаптар аткарылбагандыктан, анда иштеген кызматкерлер медициналык кароодон өтпөгөндүктөн бүгүнтөн тарта убактылуу жабылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, 24-мартта аталган кафеде 16 киши чогулуп койдун этин жеген. Сегизи өзүн жаман сезгендиктен тез жардам менен жугуштуу оорулар бейтапканасына жеткирилген. Бирок ооруканага жатпай, бир сыйра жардам алгандан кийин эле кетип калышкан. Тиешелүү анализдердин жыйынтыгы азырынча чыга элек, бирок алдын ала маалыматтар боюнча кой этин бышырууда санитардык талаптар аткарылбагандыктан адамдар ууланып калган.

Былтыр күзүндө да Бишкектин кафелеринин биринде он чакты адам үйдөн жасалып келген тамак-аштан ууланып, ооруканага жатып чыккан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG