Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Абак ичине маңзат алып өтүүгө аракеттенген аял кармалды


Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 абактын ичине салмагы бир грамм өзгөчө жыты бар затты алып кирүүгө аракеттенген аял кармалды. Ал 20 жылга эркинен ажыраган кишини көрүүгө келген. Тыюу салынган затты ич кийимине салып өтүүгө аракет жасаганын бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Аталган кызмат абактарда тартип орнотуу ишин күчөткөнүн айтып келет. Бирок абактагылар тараптан буга тоскоолдук жасалып, миңдеген кесилгендер ачкачылык жарыялап, оозун төөнөшкөн болчу. Аларды көргөнү келгендерди текшербегиле деп талап коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG