Кыргызстандын мамлекет башчысынын фондунан кар көчкүдө калып каза тапкан кыргызстандыктарга акчалай жардам берүү үчүн 450 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Ар бир мерт кеткен адамдын үй-бүлөсү 50 миң сомдон алат. 17-20-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарында кар көчкү астында калып тогуз адам өлгөн. Алардын төртөө 6-12 жаштагы балдар. (RK)