Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Төрага Жээнбеков Алматыда кыргыз мигранттар маселесин көтөрдү


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асилбек Жээнбеков бүгүн Алматы шаарында өзүнүн казак кесиптештери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулады.

Төраганын маалымат катчысы Надыр Момуновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Кайрат Мами менен жолугушууда казак жеринде жашаган кыргызстандык эмгек мигранттар боюнча маселе көтөрүлдү. Төрага Жээнбеков кыргыз эмгек мигранттарынын жашоо жана иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча мурда кабыл алынган келишимди ратификациялоону тездетүүнү өтүндү.

Бул максатта кабыл алынган эки келишим кыргыз парламенти тарабынан ратификациядан өткөн, казак парламенти азырынча аны карай элек.

Кайрат Мами эмгек миграциясы саясый эмес, экономикалык көйгөй экенин айтып, буга чейин кабыл алынган эки тараптуу келишимдерди ирээттеш керектигин кошумчалады жана казак тарап кыргыз мигранттарынын жашоосун жеңилдетүү боюнча маселенин чечилишине баардык аракетин жумшаарын билдирди.

Асилбек Жээнбеков баштаган кыргыз депутаттары Алматыга бүгүн КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын 20 жылдыгына арналган жыйынга катышуу үчүн барышты. (RK)

XS
SM
MD
LG