Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Пакистанда бин Ладендин үч аялы соттолгону жатат


Пакистан соту келерки аптада Усама бин Ладендин тул калган үч аялына жана эки кызына расмий түрдө айып койот. Алар былтыр майда бин Ладен өлтүрүлгөндөн бери Аботабад шаарынын абагында отурат. Аялдардын адвокаты Мухаммад Амир бин Ладендин зайыптары Пакистанга мыйзамсыз кирген жана жашаган деген күнөө тагыларын соттон келген катка шилтеп кабарлады.

Эксперттердин айтышынча, аялдар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Маалыматка караганда, бин Ладендин эки аялы Сауд Арабиясынан, бир аялы Йеменден болот. Бин Ладендин башына 25 миллион доллар убада кылынганына карабай, “ал-Каиданын” ана башы жана балдары Аботабадда беш жыл жашашкан.

XS
SM
MD
LG