Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Араб лигасы Асаддын бийликтен кетүүсүн талап кылбайт


Араб лигасы ушу аптада Багдадда болчу саммитте Сирия президенти Башар Асадды кызматтан кетүүгө чакырбайт. Бул жөнүндө Ирактын тышкы иштер министри Хосни Зебари билдирди. Анын айтышынча, Араб лидерлери Сириядагы чатакты жөндөөдө “ишке ашчу чечимди” кабыл алганга макул болушат. Тактап айтканда, бийликтин тынч жол менен алмашуусун колдойт. "Бул жараянды Сирия эли өзү жүргүзүш керек", - деди Зебари.

Сирия Араб лигасынын Багдаддагы саммитине чакырылган эмес. БУУнун эсебинче, бир жыл илгери президент Асаддын режимине каршылык көрсөтүү башталгандан берки кагылыштарда 8 миңден ашуун адамдын өмүрү зобун болду.

XS
SM
MD
LG