Бүгүн Бишкекте “Улут аралык мамилелер боюнча Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик саясаты” деген аталыштагы семинар өтөт. Анын максаты – коомдук ынтымак жана улут аралык толеранттуулук багытында тажрыйба алмашуу. Мамлекеттик резиденцияда өтө турган жыйынга Жогорку Кеңеш жана Казакстан Мажилисинин депутаттары, президент жана өкмөт аппаратынын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле Кыргызстандагы ар кайсы диаспоралардын жетекчилери, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер чакырылган. Семинарда айтылган сунуш, пикирлер этностук саясатты иштеп чыгууда колдонулат.
Семинарды Кыргызстан Эл ассамблеясы Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер боюнча комитети менен бирге өткөрүүдө. Ага ЮСАИД жана “Сорос-Кыргызстан” фонду көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)