Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Рим папасы Бенедикт-XVI Кубага келди


Акыркы жолу Рим католик чиркөөсүнүн көсөмү Жон Пол-II коммунисттик бул аралга мындан 14 жыл мурда барган болчу. Бенедикт-XVIны Сантьягодогу аэропортто президент Раул Кастро жетектеген өлкө башчылары тосуп алышты.

Рим чиркөөсүнүн көсөмү Кубанын борборундагы майданда ачык асман астында ибадат кылаары күтүлүп жатат.

Бул сапарынын алдынан ал Кубадагы марксисттик идеология азыр учур талабына жооп бербей калганын айтып, жумурият жетекчилигин андан баш тартууга үндөгөн болчу. Папа бул жерде оппозиция менен жолукпай турганы, бирок өлкө башчылары менен сүйлөшүүлөрүндө адам укуктары маселесин көтөрүшү мүмкүн экени айтылган.

XS
SM
MD
LG