Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Иракта бүгүн Араб лигасынын саммити ачылат


Соңку 20 жылдан бери мынчалык жогорку деңгээлдеги эл аралык жолугушуу өлкөдө өтө элек болчу. Бирок ага лигага мүчө бардык эле мамлекеттердин президенттери катышпайт. Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибари жок эле дегенде сегиз президент саммитке келет го деп үмүттөнүп жатышканын билдирди.

Иракты негизинен шийилерден турган топ жетектегенине лигадагы бир топ сунни арап өлкөлөрү этияттык менен карашат. Үч күнгө созула турган жыйында Сириядагы соңку кырдаал, Ирандын ядролук программасына байланышкан абал жана Перс булуңунда чыңалуунун күчөшү талкууга алынат.

Багдатта коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, шаарга кошумча 100 миң коопсуздук кызматкери жайгаштырылды. Өкмөт бул иш-чара үчүн имараттарды, жолдорду оңдоо иштерине 400 млн. доллар сарптады.

XS
SM
MD
LG