АКШнын президенти Барак Обама Пакистандын премьери Юсуф Реза Гилани менен бүгүн Сеулда жолугушат. Обама бул сүйлөшүүдө Вашингтон терроризмге каршы күрөштө Пакистан менен иштешүүгө дале кызыкдар экенин көрсөтөт деп күтүлүүдө. Былтыр бул өлкөдө америкалык аскерлер “ал-Каиданын” башчысы Усама бин Ладенди өлтүрүшкөндөн бери эки жумурияттын мамилеси жакшы эмес.
Андан кийин Исламабад НАТОнун ооган жериндеги аскерлерине жүк ташыган жолду өзүнүн аймагында бууп койгон болчу. Эки лидер Сеулда атомдук коопсуздук боюнча эки күндөн бери өтүп жаткан саммиттин алкагында жолугушмакчы. Бул саммитке 50 өлкөнүн башчылары катышууда.