Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Ооганстанда чет өлкөлүк үч аскерди “ооган күчтөрү” атып салышты


НАТОдон кабарлашкандай, дүйшөмбүдө өлкөнүн чыгышында ооган полисменине окшош кийинген киши чет өлкөлүк бир аскерди атып өлтүрдү. Аскердин улуту жөнүндө маалымат айтылбады. Андан бир күн мурда түштүктөгү Хелманд вилаетинде ооган аскери британиялык эки аскерди атып өлтүргөн эле.

Ооганстанда соңку кездери жергиликтүү аскер күчтөрү чет өлкөлүк аскерлерге кол салган фактылар көбөйө баштаган. Бул өңдүү окуялар жакында АКШнын ооган жериндеги аскер базасында мусулмандардын ыйык Куран китеби өрттөлгөндөн жана бир америкалык аскер 16 ооганды кырып салгандан кийин өзгөчө күчөдү.

XS
SM
MD
LG