Ош жана Жалал-Абад облустарында кар көчкү астында калып каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө өкмөт да 50 миң сомдон бермей болду. Бул максатта өкмөттүн резервдик фондунан 450 миң сом бөлүнөт. 17-20-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарында кар көчкү астында калып тогуз адам өлгөн. Алардын төртөө 6-12 жаштагы балдар болчу. Кечээ президент Алмазбек Атамбаев да мамлекет башчынын фондунан ар бир үй-бүлөгө 50 миң сомдон берүүнү буюрган. (RK)