Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Алыскы аймактарга бир миң тонна арпа, буудай жеткирилет


Кыргызстандын алыскы аймактарындагы малчыларга жардам үчүн өкмөт бир миң тонна арпа, буудай сатып алат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө өткөн жыйында айтылды. Соңку бир ай ичинде малга тоют жеткирип берүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 121 рейс уюштурулду. Чаткалга 100 тонна чөп жана 10 тонна арпа, Чоң-Алайга 300 тонна чөп, 150 тонна жеп жөнөтүлдү. 26-мартта 3948 даана түк чөп жана 30 тонна буудай жүктөлгөн унаалар Ош, Жалал-Абадды көздөй жөнөтүлдү.

Эрте түшкөн быйылкы кыш узак жана суук болгондуктан Кыргызстандын алыскы аймактарында малдын тоюту түгөнүп, кырыла баштаганы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG