Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

Кар көчкүдө калган үч кишинин өлүмү боюнча кылмыш иш козголду


Жалал-Абад облустук прокуратурасы 17-мартта кар көчкү астында калган үч кишинин өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. Иш Кылмыш кодексинин “шалаакылык” деген 316-беренесинин негизинде козголгону айтылууда.

Бишкек – Ош унаа жолунун Токтогул районундагы 246-чакырымында кар көчкү үч адамдын өмүрүн кыйганы 17-мартта маалым болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов түшкөн кар көчкү жалпы жети адамды басып калганын айткан болчу:

- Биринчи кар көчкү түшкөндөн кийин жөө өтүп кетебиз деген жети адамды басып калды. Алардын төртөө куткарылды. Үчөө каза болуп, сөөктөрү Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына жөнөтүлдү.

Мерт болгондор:
1. Ниязматов Куттубек-1969-жылы туулган, Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну;
2. Конокбаев Н. Т. – 1970-жылы туулган, Токтогул шаарчасынын тургуну;
3. Саматов А. -1976-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну.

17-20-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарында тогуз адам кар көчкү астында калып каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG