"Биздин маалымат боюнча, Кыргызстанда орус тилине кысым болуп жатыптыр. Эгер ошондой болсо бул биринчи кезекте Кыргызстандын өзүнүн имиджине шек келтирет, себеби орус тили улут аралык тил болуп эсептелет", - деди кыргыз парламентинин жетекчиси Асылбек Жээнбеков менен Алматыда өткөн жолугушууда Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко.
Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда орус тилине расмий тил деген макам берилгенин, бул норма Баш мыйзамда бекитилгенин айтты. "Орус тилинин биздин мамлекет үчүн мааниси канчалык экенин биз жакшы билебиз. Тил боюнча талаш-тартыштар орус тили боюнча эмес, мамлекеттик кыргыз тилинин тегерегинде жүрүүдө", - деди Жээнбеков.
Ал ошондой эле Орусия Кыргызстандын стратегиялык шериги экенин, кыргыз тарап өз келечегин Орусия менен байланыштырып караарын кошумчалады.
Бул маалымат Жогорку Кеңештен алынды. Жээнбеков Алматыга КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн барган. (RK)