Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Сирия Аннандын тынчтык планын кабыл алды


Муну Бириккен Улуттар уюмунун жана Араб лигасынын Сирия кризиси боюнча атайын арачысы Кофи Аннандын маалымат кызматы бышыктады. Аннандын айтымында, алты пункттан турган план саясий талкууларды, калк жашаган аймактардан оор куралдарды жана аскерлерди алып кетүү, гумжардамга тоскоолдук кылбоо, айыпкерлерди бошотуу, журналисттерге жол ачуу маселелерин камтыйт.

Катчы Ахмат Фавзинин айтымында, Сириянын өкмөтү Аннанга планды кабылдай тургандыгы айтылган кат жиберди. Аннандын сунушун Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде Орусия менен Кытай жактырган.

XS
SM
MD
LG