Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Өзбекстандын Ислам кыймылынын улук жетекчиси набыт болгону кабарланууда


НАТО баштаган аскерлер "ал-Каида" менен алакасы бар кыймылдын улук кор башысы Ооганстандын түндүк-батышында өлтүрүлгөндүгүн билдирди. Эл аралык Коопсуздук жардам күчтөрүнүн бүгүнкү билдирүүсүндө Ооганстандын атайын күчтөрү НАТО аскерлери менен бирдикте Макдум Нусратты бир нече согушкер менен катар дүйшөмбүдө өлтүргөнү айтылат. Бул кабарга көз карандысыз тастыктоо боло элек.

Макдум Нусрат Өзбекстандын Ислам кыймылынын Ооганстандагы эң улук өкүлү болгон. Ал ооган жана коалициялык аскерлерге кол салуулар, ооган парламентинин мүчөсүн өлтүрүү аракеттери боюнча айыпталып келет. Борбор Азияда халифат курууну максат кылган бул кыймыл Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстанда да тымызын иш алып барат деп саналат.

XS
SM
MD
LG