Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

2011-жылы үй-бүлө чатагы боюнча сегиз миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Ички иштер министрлигине өткөн жылы үй-бүлө чыр-чатагы боюнча 8,5 миңге жакын кайрылуу түшсө, 2 миң 272 фактысы үй-бүлөдөгү зомбулук катары катталган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кечээ, 27-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көбүнесе ичкич жана баңгилер арасында болот. Ушунун айынан өткөн жылы 22 киши каза тапкан. Үй-бүлө зомбулугуна эркектер күнөөкөр делген 1721 учур катталса, кыз-келиндер арасындагы фактылар 77ни түзгөн.

Эми бул маселе атайын мыйзам аркылуу көзөмөлдөнөт. Зомбулук көрсөткөн адамга айып пул салбай, беш суткага чейин камакка алуу сунушталууда. (КЕ)
Куржундар
XS
SM
MD
LG