Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-марттагы жыйынында көтөрүп чыкты. Жыйында “Маалымат каражаттарында чет өлкөдө никеге туруу жөнүндө жарнактык кулактандырууларга тыюу салуу боюнча чаралар тууралуу» Жогорку Кеңештин токтом долбоору талкууланды. Кадыралиева 22 жашка чейинки кыздардын өлкө аймагынан сыртка чыгышына жол бербөө сунушун кошумчалады. Анын айтымында, мындай тажрыйба бир катар мусулман өлкөлөрүндө бар.
Буга чейин айрым депутаттар жана укук коргоочулар кыздарга чет өлкөгө турмушка чыгууга тыюу салуу - адам укуктарын бузуу деп баалашкан. Аталган токтом Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылмай болду. (КЕ)