Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Ооган-тажик чек ара аймагында баңги лабораторияларынын саны эки эсеге көбөйдү


Кечээ Орусиянын Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Виктор Иванов Пакистандын тийиштүү мекемесинин жетекчиси Саид Шакил Хуссейн менен сүйлөшүп, баңги аткезчилигине каршы күрөштү күчөтүүнү талкуулашты. Жолугушууда Хуссейн айтканына караганда, Ооганстандын түндүк-чыгышында Тажикстан менен чектеш райондордо апийим өндүрүшү 50% өскөн жана аны героинге айландырчу лабораториялар да эки эсеге көбөйгөн.

Анын ишениминде, ооган жериндеги наркомафия өзүнүн товарын көбүрөөк Орусия менен Борбор Азияга ташыганга аракет кылып жатат.

Иванов Хуссейнге баңги аткезчилигине катыштыгы бар деп шектелип жаткан борбор азиялык 15 жарандын тизмесин бергени кабарланды. Анын айтымында, бул тизмеде ошол кишилердин аты-жөнү, дареги, телефон номурларына чейин көрсөтүлгөн.

Ивановдун ишениминде, азыр Ооганстандын Бадахшан вилаетинде 600дөй баңги лабораториялары иштеп. Иванов менен Хуссейн биргеликте аларды жок кылуунун эки жылдык планын талкуулашканын айтышты.

XS
SM
MD
LG