Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Кыргызстан Орусияга: ГЭСтер боюнча мурдагы макулдашуу аткарылышы керек


Ишеничтүү булактардын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев дагы, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов дагы 27-мартта Орусия энергетиктери менен сүйлөшүүдө мурдагы макулдашуулардын гана аткарылышын талап кылган. Сүйлөшүүлөр башталаар алдында Москвада чыгуучу “Коммерсант” басылмасы Орусия Кыргызстандын болочок ГЭСтеринин курулушуна катышуу үчүн эми алардын мурдагыдай 50 эмес, 75 пайыз акциясын талап кыларын жазып чыккан. Бул үчүн 2008-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашууну кайра кароо зарылдыгы айтылган. Кыргыз бийликтери Орусияга ойлонуу үчүн 10-апрелге чейин убакыт берди. Эгер Москвадан оң жооп келбесе, башка инвесторлор менен иштешүү мүмкүнчүлүгү да эске салынганын булактар белгилешет.

Орусиянын эң ири энергокомпанияларынын жетекчилеринен куралган делегация Бишкекке гидроэнергетика жана мунайгаз тармактарында кызматташуу маселелери боюнча майда-чүйдөсүнөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында 27-мартта келип кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG