Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:34

№1 тергөө абагында бир адам ачкачылык жарыялады


Бишкектеги №1 тергөө абагында өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраган Болот Курбанахунов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлайт. Киши өлтүргөнү үчүн камалган 42 жаштагы Курбанахунов аны кескен сот өкүмүн кайра карап чыгууну талап кылууда. Жаза аткаруу кызматына жана тергөө абагынын жетекчилигине доосу жок экенин билдирди. Тергөө абагына ал 2005-жылдын ноябр айында түшкөнү кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG