Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Казарманда Жырма каналынын жээгин бекемдөө иштери уланууда


Ушу тапта Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында Жырма сугат каналынын жээктерин бекемдөө иштери уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Кечээ түштө аталган канал эриген кар суусуна толуп, ашкан суу турак үйлөрдүн короолорун каптай баштаган. Ошондой эле мурда ушул аймакта жашаган тургун (үйүн сатып көчүп кеткен) сугат суу алуу эрежесин бузуп, диаметри 50 сантиметр, узундугу 2-3 метрлик түтүктү каналга дамбаны тешип туташтырганы белгилүү болду. Дамбаны ошол жерден суу тешип кеткен.

Натыйжада 30 турак үйдүн ичин жана “Жаңыл-Мырза” бала бакчасынын эки кабат имаратынын жер төлөсүн суу (бийиктиги 30-40 см.ге чейин) каптап кеткен, 150 чамалуу кожолуктун короо жайын да суу каптаган. Жергиликтүү бийлик тарабынан 30 турак үйдүн тургундары, алдын ала алынган маалымат боюнча 83 адам, коопсуз жайга, туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Саат 23:30 чамасында Жырма каналындагы суунун деңгээли ылдыйлай баштаган. Сууну азайтуу иштери боюнча кошумча аракеттер да жасалды. (RK)

XS
SM
MD
LG