"The New York Times" жана CBS News маалымат каражаттары өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, америкалыктар арасында Ооганстандагы согушту колдогондордун саны кескин азайып кетти. Сурамжылоого катышкандардын 69% “АКШ бул согушка катышпашы керек” деп жооп берген. Мындан болгону төрт ай мурун бул пикирди колдогондордун саны 53% түзгөн болчу. Анатиликтер соңку өзгөрүүнү Ооганстанда НАТОнун аскерлерине каршы чабуул күчөгөнү жана жакында америкалык аскер ооганстандык 17 тургунду атып салганы менен түшүндүрүп жатышат. Суралгандардын жарымына жакыны же 44% “Америкалык аскерлер пландалган 2014-жылга чейин эле мекенине кайтышы зарыл” деп эсептейт. Бирок өлкөнүн Коргоо министри Леон Панетта муну комментарийлеп жатып: “Биз сурамжылоолорго карап согуша албайбыз”, - деди.