Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Экс-президент Отунбаеванын эл аралык фонду иштей баштады


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фонду өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн аталган фонддон "Азаттыкка" кабарлашты. Быйыл Отунбаева жетектеген бул уюм Азия континентине арналган жолугушууларды, Кыргызстандагы абалды талкуулаган "Жердештер" долбоорун, маданиятты, классикалык музыканы жана жаштарды өнүктүрүү боюнча бир катар демилгени ишке ашырганы турат. Фонддун негизги миссиясы демократиялык баалуулуктарды жайылтуу, маданий кызматташтыкты жана туруктуу өнүгүүнү арттыруу экени айтылууда. 29-мартта Түштүк-Чыгыш Азияда мыкты өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн бири Бангладешке арналган, анын ийгиликке жеткен жолу жөнүндө баяндаган жолугушуу өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG