Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:26

ИИМ: Жол эрежесин бузгандардын "ортого киши салуусуна" бөгөт коюлат


Жол эрежесин бузган айдоочуларга карата административдик документтер толтурулуп жаткан учурда алар башка бирөөлөр, кызматтагы адамдар менен телефондон сүйлөшүүгө акысы жок. Ушундай талапты койгон буйрук Ички иштер министрлигинде кабыл алынды. Мындай чара жолдо жүрүү эрежесин бузгандар тарабынан милиционерлерге кысым жасалып, ортого киши салуусуна бөгөт коюу үчүн көрүлүп жатканы айтылууда. Эреже бузган айдоочуну токтоткон милиция кызматкерине кызматтык күбөлүгүн, таасирлүү кишилердин дареги жазылган карталарды көрсөтө баштагандар административдик жоопко тартылаары айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG