Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Иран өзөктүк программасы жөнүндө сүйлөшүүгө макул


Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча Тегеран жана бакубат мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөр 13-апрелде кайра уланат. Бул жөнүндө билдирген Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи сүйлөшүү кайда өтөрү бир-эки күндө такталарын кошумчалады.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү плюс Германия жана Иран арасындагы сүйлөшүү акыркы ирет былтыр январда Стамбулда болгон. Батыш өлкөлөрү Ирандын ядролук программасы же атомдук бомба жасаганды көздөйт деп шектенет. Тегерандын ырасташынча, уран АЭСти отун менен камсыздоо үчүн гана байытылууда.

XS
SM
MD
LG