Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Ноокенде ломбард ишине тыюу салуу талабы коюлду


Жалал-Абаддын Ноокенинде “Укуктуу энелер” коомдук борборунун өкүлдөрү ломбарддардын жана тармактык маркетинг менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгүн токтотуу талабын коюп жатышат. Эгер өкмөт алардын бул суранычын аткарбаса, нааразылык акциясын башташат. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Гүлипа Мамбеткулова билдирди.

Анын айтымында, тармактык маркетинг менен алектенген компаниялар элди алдап, карызга батырууда. “Анын айынан миңдеген кишилер үй-жайын сатып, көчөдө калышты. Айрымдары өз жанын кыйганга да барып жатышат. Эң эле азында миллион сомдой карызы бар”,- дейт Мамбеткулова.

“Укуктуу энелер” коомдук борборунун маалыматы боюнча, ушул тапта Ноокен районунда тармактык маркетинг менен алектенген жети компания, жыйырмадан ашуун ломбард бар. Райондо аларга карыз болгон кишилердин саны миңден ашат деп айтылууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG