Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

29-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
28-29-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
29-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас облустарынын жана тоолуу райондордун кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 14..19 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз 8...13
Нарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 5..10,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -9..-14, күндүз 0...-5,
Тоолордо түнкүсүн -12...-17, ал эми күндүз 0..-5 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан жаашы мүмкүн. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8 градус жылуу, күндүз 18...20 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG