Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Кыргызстанда Польшанын консулдугу ачылат


Бүгүн Бишкекте Польшанын консулдугунун ачылыш аземи болот. Бул Кыргызстан менен Польшанын дипломатиялык кызматташуусунун 20 жылдыгына туура келүүдө. Консулдук эки өлкөнүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун өркүндөтүү иштери менен алектенет. Аны Александр Златкин жетектейт.

Польша Кыргызстан эгемендигин 1991-жылы 27-декабрда кабыл алган. Эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусу 1992-жылы башталган. 2011-жылы Кыргызстан-Польшанын товар алмашуусу 73 млн. еврону түзгөн. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG