Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Ош облусунда жуттан өлгөн малдын саны такталууда


Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин архивинен алынды.
Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин архивинен алынды.
Ош облусунда кыштын оор болгонунан жана тоюттун жетишсиздигинен өлгөн малдын саны такталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, 28-мартка карата 9678 баш мал өлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алардын ичинен 1360 башы бодо мал, 7862 башы кой-эчки жана 456 башы жылкы.

Бул сандарды райондорго бөлүп караганда, Чоң-Алай районунда 804 бодо мал, 5744 кой-эчки, 219 жылкы, Алайда 477 бодо мал, 1366 кой-эчки, 163 жылкы, ал эми Өзгөндө 5 бодо мал, 26 кой-эчки, 7 жылкы жана Кара-Суу районунда 74 бодо мал, 726 кой-эчки жана 67 жылкы кырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Таалай Айткуловдун айтымында, учурда жогоруда аталган малдын канчасы ачкадан, канчасы жаратылыш кырсыктарынан (кар көчкү ж.б) өлгөнү райондордо атайын түзүлгөн комиссиялар тарабынан такталып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG