Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Бишкек - Ош жолуна түшкөн чоң ташты унаалар айланып өтүшүүдө


Бишкек - Ош унаа жолунун 262-чакырымында жолго түшкөн ташты жардырып алмай болушууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, 27-мартта аталган унаа жолго 54м³ көлөмдөгү таш түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан. Учурда унаалар чоң ташты айланып өтүп жатышат. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. ӨКМнын Мониторинг жүргүзүү департаменти тарабынан жолго түшкөн ташты жардыруу жолу менен алып салуу каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG