Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:46

30-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
29-марттан 2-апрелге чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
30-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар түшөт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,
Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16,
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 11..16 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз 4...9
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0..5,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -15..-20, күндүз -2...-7,
Тоолордо түнкүсүн -15...-20, ал эми күндүз -1..-6 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус жылуу, күндүз 14...16 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG