Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

“Мекеге карай жол” Парижде көрсөтүлөт


Кыргызстандык жаш кинорежиссер Асел Жураеванын “Мекеге карай жол” деп аталган документалдык тасмасы бүгүн Франциянын борбору Парижде “Синема дю Риль” даректүү тасмалардын эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жураева “Азаттыкка” Парижден билдирди. Фестивалда 200дөн ашуун тасма көрсөтүлүп, белгилүү кинорежиссерлордун сынынан өтөт.

“Мекеге карай жол” өткөн жылы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясында тартылып, бир катар сыйлыктарга татыган. Тасмада Мекеге зыярат кылуу тилеги менен каражат топтоп, бирок ал максатынан баш тартып, чогулткан акчасына Улуу Ата Мекендик согушта набыт болгондор үчүн эстелик тургузган карыянын баяны сүрөттөлөт. (JAk)

XS
SM
MD
LG