Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Чаек: Эриген кардын суусу үйлөрдү каптоодо


Нарындын Чаек айылынын Узун-Булак аймагында жана Ж.Айылчиев көчөсү жайгашкан коктулардан түшкөн эриген кардын суусу арык нугун бузуп, жээгиндеги үйлөрдү, короо-сарайларды каптап кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, азыркы убакта суу тартылып калды, бирок эртең кайталанышы мүмкүн.

Чаектин тургуну Дамира Садырбаева "Азаттыкка" телефон чалып, 26 марттан бери көчөлөрдү суу каптап жатканын айтты.

"Эриген кардын суусу М.Рыскулов, Р.Абдиев, жана Ш.Айылчиев көчөлөрүн каптап, үйлөрдү, көчөлөрдү бузуп жатат. Мукур, Узун-Булак коктуларынан ылдый көздөй агып, турак үйлөрдү бузууда. Сууну токтотуу үчүн мүшөктөгө кум салып тосуп жатышат", - деп билдирди Дамира Садырбаева. (RK)

XS
SM
MD
LG