Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Укук коргоочулар парламенттин Пирматов боюнча чечимин айыпташты


Кыргызстандагы Укук коргоочулар кеңеши Жогорку Кеңешти депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартууга уруксатын бербей койгону үчүн айыптап чыкты. Депутаттардын бул кадамы алардын "конституциялык укуктарынан ашыкча пайдалануу, көзөмөлчү да, тергөөчү да, сот да болгусу келгендик" катары бааланды.

Укук коргоочулардын айтымында, депутат эл өкүлү катары оюн айтканда гана кол тийбестикке ээ боло алат, "бирок Баш прокуратурадан кесиптешин калкалап калган депутаттар мындай макамды Пирматовдун "Кыргызмунайгаз" ишканасынын жетекчиси болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө карата пайдаланышты".

"Пирматов башкаруучу коалициядагы "Республика" фракциясынын өкүлү экенин эске алсак, парламент соттун ыйгарым укуктарын өзүнө энчилеп алгысы келгени кооптуу белги", - деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Кечээ Кыргызстандын парламенти "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Баш прокуратуранын сунушуна макул болбой койду. Пирматовго карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгону, аны жоопко тартууга негиз жок экени айтылды. Буга чейин ушундай эле чечимге атайын түзүлгөн депутаттык комиссия да келген болчу. Прокурорлор Пирматов 2008-2010-жылдары Жалал-Абаддагы "Кыргызмунайгаз" ишканасын жетектеп турганда мамлекетке экономикалык жактан зыян келтирген деп эсептешет. Депутат өзү күнөөсү жок экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG