Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Салянова: Пирматов боюнча кылмыш иш кыскарбайт


"Пирматов боюнча кылмыш иш кыскарбайт, депутаттык мөөнөтү аяктагандан кийин ал кайрадан жоопко тартылат", - деди бүгүн журналисттерге Баш прокурор Аида Салянова.

Салянованын билдиргенине караганда, Пирматов менен чогуу айыпталып жаткан башка кишилерге карата тергөө улана берет.

Кечээ Кыргызстандын парламенти "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Баш прокуратуранын сунушуна макул болбой койду. Пирматовго карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгону, аны жоопко тартууга негиз жок экени айтылды. Буга чейин ушундай эле чечимге атайын түзүлгөн депутаттык комиссия да келген болчу. Прокурорлор Пирматов 2008-2010-жылдары Жалал-Абаддагы "Кыргызмунайгаз" ишканасын жетектеп турганда мамлекетке экономикалык жактан зыян келтирген деп эсептешет. Депутат өзү күнөөсү жок экенин айтууда.

Бүгүн Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши парламенттин Пирматов боюнча чечимин "депутаттар соттун укуктарын энчилеп алды" деп айыптады. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG