Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Бешилтик өнүктүрүү банкын түзүүгө макулдашты


Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканын жетекчилери Индиянын баш калаасы Нью-Делиде биримдиктин экономикалык жана саясий таасирин өстүрүүнүн жолдорун талкуулашты.

Кыскартылып БРИКС деп аталган бешилтиктин лидерлери өз жарандарына карыз берүүнү жакшыртуу үчүн жаңы өнүктүрүү банкын негиздөөгө келишти. Жыйында Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх мындай деди:

– Биздин өлкөлөр өсүштүн, туруктуулуктун жана үмүттүн түркүгү болуп калды. Биздин дүйнөдөгү таасирибиз өсүп жатат. Глобалдык кыйынчылыктар менен күрөшкө маңыздуу салым кошо алабыз. Улам бекемделип жаткан шериктештигибиз жер жүзүндөгү тынчтыкка, туруктуулукка огожо болот жана биздин элдин кызыкчылыктары бирдей экендигин көрсөтөт.

БРИКС өлкөлөрүндө дүйнө калкынын дээрлик жарымы жашайт, экономикасы глобалдык өндүрүштүн бештен бирине туура келет. БРИКСтин мамлекет жана өкмөт башчылары мындан тышкары америкалык доллар же евро менен эмес, өздүк валюталары менен соода жүргүзүүгө колдоо билдиришти.

Саясий багытта БРИКСчилер Ирандын ядролук программасы боюнча тирешти куралдын күчү менен чечүүгө каршы экендигин бышыкташты жана Сирия жаңжалын тынчтык жол менен чечүүгө чакырышты.

XS
SM
MD
LG