Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Кытайда дагы бир тибеттик кечил өзүн өрттөп өлтүрдү


Сүргүндөгү тибеттиктердин билдиришинче, Тибеттин Кытайдын карамагында кала берип жатканына нааразы болгон 20 жаштагы бутпарас кечил бүгүн Батыш Кытайда өзүн өзү өрттөп өлдү. Индиядагы Дхармсала шаарында жарыялаган билдирүүсүндө сүргүндөгү тибеттик кечилдер Кытайдын Аба ооданындагы Кирти кечилканасында окуган Шераб кечээ өзү туулган Жиалуо шаарынын борбордук көчөсүндө Кытайга акаарат келтирген сөздөрдү кыйкырып, анан өзүнө өрт койду. Билдирүүгө ылайык, Шерабдын өлүгүн полиция алып кетти. Кытайдын этникалык тибеттер жашаган аймактарында акыркы бир жылда 30дан ашык киши өзүн өзү өрттөдү.

XS
SM
MD
LG