Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Баткен - Ош унаа жолу буулду


Ушул тапта Баткендеги Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында 500-600 киши чогулуп Баткенден Ошту көздөй кетчү жолду бууп турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган нааразылык акциянын катышуучулары кабарлашты.

Бул маалыматты "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов да тастыктады. Анын айтымында, 50-60 киши Баткен - Ош унаа жолун тосуп турат. Эрматовдун билдиргенине караганда, жергиликтүү эл буга чейин өкмөткө жана парламентке бир нече жолу кайрылып, майнап чыкпагандыктан ушундай кадамга барганын билдиришүүдө.

Кадамжайдын Майдан айылындагы көмүр чыккан кен чет өлкөлүк фирмага сатылып кеткени, өз жеринин кен байлыгынан пайдалана албаган жергиликтүү эл быйыл кышта көмүрдүн бир тоннасын 14 миң сомдон сатып алганы кабарланууда. Нааразылык акциясынын катышуучулары аталган кен элдин кызыкчылыгын эске алуу менен иштетилишин талап кылып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG