Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

БУУнун жетекчиси Сирияны тынчтык демилгесин кабыл алууга чакырды


Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун сириялык оппозицияны да БУУнун атайын арачысы Кофи Аннан менен кызматташууга чакырды. Пан Ги Мун Багдадда өтүп жаткан Араб лигасынын саммитинде сүйлөдү.

"Азаттыктын" Багдаддагы кабарчысы 22 мүчө-өлкөдөн 10 лидер гана келгенин, жыйын өтүп жаткан Жашыл тилкеге жакын жерде жардыруунун добушу угулганын билдирди.

Саммиттин коопсуздугун кепилдөө үчүн Ирактын баш калаасында 100 миң коопсуздук кызматкери жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG