Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

“Ак жолдо” “жашыл” жана “кызыл” коридор ачылат


Бажы кызматы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы "Ак-Жол Автодорожный" чек ара көзөмөл-өткөрмө пунктуна кишилердин өтүүсү үчүн “жашыл” жана “кызыл” коридор ачат. Бул маселе 29-мартта Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде каралды. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал жактагы убактылуу сактоо кампасы башка жакка которулат. Ошондой эле 2012-жылдын соңуна “Ак жолду” реконструкциялоонун сметалык долбоору аягына чыгат.

Казакстан, Беларус жана Орусия түзгөн Бажы биримдиги 2011-жылдын июн айында күчүнө киргенден тарта соодагерлердин чек арадан өтүүсү кыйындаган. Жүк ташуучулардын көптүгү “Ак жол” бекетинде адамдардын тыгынын пайда кылып, жөн-жай жүргүнчүлөрдүн да ары-бери өтүүсүн оорлоткон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG