Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунунда кутурган ит ээси Акрам Абдразаковду кошуп жети адамды каап алган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жетөө тең учурда дарыланууда. Ит капкандардын эң улуусу 70, кичүүсү 5 жашта. Ит атылып, текшерүү үчүн лабораторияга жеткирилди. (КЕ)