Андан бир күн мурда алар Брюсселде Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү менен жолугушууга жөнөгөндө кармалып, абакка алынышкан болчу. Алар эркиндикке чыгарылышты, бирок сыртка чыкпашы үчүн паспортторун күч органдары алып калышты.
Анатолий Лебедконун айтымында, аны жана эки башка активистти “бейбаштык” үчүн айыптап, Орша шаарчасындагы сот 45 доллар айып пулга жыкты. Алар үчөө алгач Москвага чейин поезд менен барып, ал жактан Брюсселге кетишмек.
Президент Александр Лукашенко өлкөдөгү оппозициянын мүчөлөрүнө чет мамлекеттерге саякаттоого тыйуу салган. Өткөн айда расмий Минск Польшанын жана Евробиримдиктин бул мамлекеттеги элчилерин чыгып кетүүгө чакырганда Биримдиктин баардык мамлекеттери Беларустагы элчилерин чакыртып алышкан. Ошондон бери Беларус менен Еврошаркеттин мамилеси жакшы эмес.