Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:19

Бакиевдин Кыргызстанга берилишин талап кылган акция өтүп жатат


Ушу тапта Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өтүп жатат. Акцияны уюштурган "7-апрел" кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, он чакты адам чогулуп турат.

Токтонасыров буга чейин, 15-марттан бери ошол жерде "Бакиевди бергиле же өзүңөр кеткиле!" деген жазуу менен чыгып жаткан болчу.

"Эми менин акциям ультиматум түрүндө болот - элчилик Кыргызстандын аймагынан чыгып кетсин. Беларус Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бермейинче апрел окуясы боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылбайт, бул маселе чечилбейт", - деп билдирген болчу Токтонасыров.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликтин саясатына нааразылардын акциясы учурунда токсондой кишиге ок атылган. Өлкөнү жетектеп турган Курманбек Бакиев ошол күнү качып кетүүгө мажбур болгон. Учурда ал Беларуста жашайт деген маалымат бар. Курманбек Бакиев апрел окуясы боюнча сыртынан соттолууда. Бирок ал күнөөсү жоктугун, кандын төгүлүшүнө убактылуу өкмөт жооптуу экенин айтып келет. 2010-жылдын күзүндө башталган бул сот жараяны түрдүү себептерден улам аягына чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG