Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Бишкек - Ош жолунун ачылышын күтүп калгандарга шарт түзүлүүдө


Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылганда анын ачылышын күтүп турган айдоочуларга шарт түзүп берүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлайт.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка постунда унаалардын айдоочулары менен жүргүнчүлөрүнө жылынуу үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен 30 орундуу 2 чатыр, 10 орундуу 1 чатыр (медпункт) тигилген. Ал жерде ӨКМнын Кара-Балта шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары иштешүүдө.

Ошондой эле Талас облусунун Талас районунда Талас – Бишкек унаа жолунун Талды-Булак постунда 10 орундуу 2 даана чатыр тигилген. Ал жерде да шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары иштеп жатышат.

Кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолу 28-марттан бери убактылуу жабылып жатат. Жол түнкү 12ден эртең мененки тогузга чейин гана ачык. (RK)

XS
SM
MD
LG