Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Апрелде кыргыз-азери өкмөт аралык комиссия ишин баштайт


Апрелде кыргыз-азери өкмөттөр аралык комиссия ишин баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Бакыда азери президенти Илхам Алиев менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Атамбаев эки өлкөнүн кызматташтыгы мамлекеттер эгемен алгандан кийинки 20 жылда өксүп келгенин белгилеп, эми жаңы денгээлге көтөрүлөөрүн айтты.

Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу маселеси да апрел айында чечиле турганын билдирди.

Бүгүн Бакыда кыргыз-азери мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир нече документке кол коюлду. Алардын арасында саясый-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы биргелешип күрөшүү максатын көздөгөн документтер бар.

Жолугушуунун соңунда эки президент биргелешкен билдирүү жасашты. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG