Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

ӨКМ: Сел жүрүп, суу капташы мүмкүн


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн шашылыш билдирүү таратты. Аталган министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 31-марттан 2-апрелге чейин абанын температурасы жогорулап, республиканын тоо этектеринде кардын тез эриши күтүлөт жана ага байланыштуу ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында сел жүрүүсү жана дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүүсү күтүлүүдө.

Жогорудагы коркунучтун алдын алуу максатында тиешелүү мекемелердин, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын, айылдык аймактардын жетекчилери өз даярдыктарын жогорулатуусу жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү шарт. (RK)

XS
SM
MD
LG